ӨТҮМДҮҮ АКЦИЯЛАР – белгилүү мөөнөттө катталган баа боюнча артыкчылыктуу, жөнөкөй акцияларга жана башка баалуу кагаздарга айырбаштап алууга болуучу акциялар. Өтүмдүү шарттары жана алардын жарактуу мөөнөттөрү эмиссиялардын проспектинде толук көрсөтүлөт. Көпчүлүк Ө. а. кайра кайтма. Эгер өтүмдүүлүк мөөнөтү бүтүп калса, андай акциялар анык болуп калышат.